Logo

2022-жылдын 17-июнунда «Гендердик аспекти эске алуу менен Адвокация» боюнча онлайн тренинг өткөрүлдү

Гендердик теңчилик ар кандай муктаждыктарды эске алуу менен ден соолук жана бакубат жашоо үчүн өзүнүн потенциалын толук ишке ашыруу максатында бирдей мүмкүнчүлүккө ээ экендигин билдирет; ошол эле учурда гендердик нормалардын, ролдордун жана мамилелердин таасири астында эч кимдин кызыкчылыктары бузулбашы керек.

Гендер боюнча эксперт Авазкан Ормонова жана тренингдин катышуучулары аялдардын укуктарын илгерилетүүнү эске алуу менен, жарандардын укуктарын билүү жана коргоо боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты.

Тренинг төмөнкү суроолорду камтыды:

  • Гендердик адвокациянын негиздери;
  • Жарандык коом жана жарандык коомдун уюмдары;
  • Адвокацияны стратегиялык пландаштыруу.

 

Угармандарга кызыктуу жеке иш берилди: гендердик адвокациянын так максаттары боюнча тең салмактуулук тегерекчеси. Сиз канчалык гендердик сезимталсыз же чечим кабыл алган адамдарды билесизби деген суроолорго жооп берүү керек болчу.

Ошондой эле, бул маселеде өзгөртүүлөр жана жакшыртуулар болушу үчүн парламентке, министрлер кабинетине жана башка бийлик органдарына кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек деген темада топтук иштер берилди.

Тренингтин дагы бир тармагы болуп “Миграциядагы гендердик теңчилик” темасы болду. Катышуучулар миграцияны талдоодо, гендердик мамиле жана анын баалуулуктары, ар кандай деңгээлдеги гендердик мамилени колдонуу жана аялдардын миграциясы жана алардын жумушуна болгон суроо-талап жөнүндө таанышты.

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү мындан ары колдоо” долбоорунун алкагында  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы