Logo

6-октябрда «Жарандардын шайлоо процессине катышуу формалары» аттуу тренинг өткөрүлдү

6-октябрда «Жарандардын шайлоо процессине катышуу формалары» аттуу тренинг өткөрүлдү

Жарандардын саясатка катышуусу заманбап демократиялык коомдун маанилүү атрибуту болуп саналат. Ал адамдарга саясаттын субъектиси болууга, эң маанилуу социалдык проблемаларды чечүүгө таасир көрсөтүүгө жана алардын жашоо шарттарын аныктоого мумкундук берет. Бул тууралуу серепчи Гүлнара Джурабаева тренингде айтып берди.

Тренинг төмөнкү темаларды камтыды:

• Саясий катышуунун формалары.• Жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери.

• Жарандардын шайлоого катышуусунун принциптери.

• Шайлоо жана референдум: концепция жана укуктук актылар.

• Шайлоо процессиндеги көйгөйлөр.

• Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүнүн укуктук негиздери.

• Мыйзам чыгаруу демилгеси укугу.

• Шайлоо процессинин катышуучуларын талдоо.

• Шайлоочулар менен иштөө.

• Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү.

• Аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу. Гендердик квоталар.

• Шайлоо процессине катышуу: байкоочулар жана алардын функциялары, шайлоо фонддоруна, шайлоо комиссияларынын ишине, шайлоо учурундагы укук коргоо органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү.

Тренингдин катышуучулары кейс түрүндө практикалык тапшырмаларды аткарууга активдүү катышып, тренердин суроолоруна жооп беришти.

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы