«Жарандык платформа» КФ жана Жарандык лидерлик мектеби «Коррупция» деген темада маалыматтык-билим берүү кампаниясынын алкагында жыйынтыктоочу онлайн тренинг өткөрүштү.
Тренерлер Эркайым Мамбеталиева жана Алмаз уулу Атайдын жардамы менен катышуучулар коррупция жана саясий коррупция жана аларга каршы турууда жаштардын ролу, добуштарды сатып алуу, мыйзам актылары жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштар сыяктуу темаларды толук изилдей алышты.
Эксперттер коррупция деген эмне экенин жана коррупциянын кандай түрлөрү бар экенин кеңири түшүндүрүштү. Коррупцияга каршы мыйзамдарды жана коррупцияга каршы саясатты өзүнө эмнени камтыйт. Коррупцияга каршы мыйзамдардын калыптануу этаптары жана дүйнөлүк тенденциялар.
Биз ченемдик укуктук актыларга кеңири токтолдук: Конвенциялар, кодекстер жана айрым жоболор.
Тренинг абдан мазмундуу өттү, бардык катышуучулар мүмкүн болушунча талкууга тартылды!
Добавить комментарий