Logo

«Инклюзивдик кызматтар үчүн дизайндык ой жүгүртүүнүн негиздери» онлайн тренинги аяктады

Достор, дизайн ой жүгүртүү боюнча эки күндүк тренинг ийгиликтүү аяктады. Катышуучулар дизайндык ой жүгүртүүнүн методологиясы, этаптары жана моделдери менен таанышты. Ошондой эле бул күндөрү катышуучулар практикалык тапшырмаларга толук кандуу киришти.

Дизайн ой жүгүртүү куралдарынын мисалдары:

  • Визуализация, сүрөттөрдү колдонуу дегенди билдирет. Бул сүрөт тартуу жөнүндө эмес, тескерисинче, элестүү ой жүгүртүү. Бул бизди жөн гана сөздөрдү же тилди колдонуунун чегинен сыртка чыгууга түртөт.
  • Саякат картасын түзүү этнографиялык изилдөө методу болуп саналат, ал кардардын кызмат алуу процессинде уюм менен карым-катнашта болгон «саякатына» көз салууга багытталган, анын ичинде эмоционалдык өйдө-ылдыйларга өзгөчө басым жасалат.
  • Жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө гипотезаларды түзүүгө жардам берген тез концепцияны иштеп чыгуу.
  • Сунуштарды тестирлөө, ал жаңы бизнес-идеянын жагымдуулугунун артында турган божомолдорду аныктоого жана ал божомолдордун туура болуу ыктымалдыгын баалоо маалыматтарды колдонууга багытталган.
  • Кардар менен биргелешип түзүү, ал башкаруучуларга кардарды өз ара кызыкчылык туудурган жаңы бизнес-идеяларды түзүү жана өнүктүрүү процессине тартууга мүмкүндүк берүүчү ыкмаларды камтыйт.
  • Бир катар билдирүүлөрдү жасоонун ордуна аңгеме түзүү дегенди билдирет. Бул курал визуализацияга окшош — жаңы идеяларды сезүүнүн жана аларды визуалдаштыруунун дагы бир жолу.

Көптөгөн катышуучулар ой-пикирлери менен бөлүштү, анын ичинде:

«Дизайндык ой жүгүртүү биздин аймакта салыштырмалуу жаңы багыт. Ал эми «Жарандык платформадан» дизайн ой жүгүртүүсү боюнча тренинг, иш жүзүндө кандай иштээрин, ишке ашырууга жана түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Тренерибиз Айбике Дизайндык ой жүгүртүү кандай иштээрин так түшүнүүгө жана сезүүгө жардам берди. Тренинг мага абдан жакты, бардык тармактагы долбоорлорго жана жаңы продукцияларды жаратууга пайдалуу. Бул мүмкүнчүлүк үчүн рахмат!

Төмөнкү тренингдер биздин графикке ылайык өткөрүлөт, биздин баракчаларга жазылыңыз!

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы