Logo

«Жарандык секторду чыңдоо үчүн онлайн дизайндык ой жүгүртүү сессияларын кантип өткөрүү керек» онлайн өттү

2022-жылдын 21-июнунда «Жарандык платформа» коомдук фонду «Жарандык лидерлик мектебинин» алкагында «Жарандык секторду бекемдөө үчүн дизайндык ой жүгүртүү боюнча онлайн сессияларды кантип өткөрүү керек» деген темада тренерлер үчүн тренинг өткөрдү.

Тренинг интерактивдүү формада өтүп, бардык катышуучулар тренер Наталья Сластниковага ыраазы болушту.

Биринчи кезекте, бул тренинг дизайн ой жүгүртүүсүнө ынтызар жана билимди андан ары берүүгө даяр адистерге багытталган.

Катышуучулар кардарлар, кызматкерлер жана өнөктөштөр үчүн жаңы баалуу чечимдерди түзүү үчүн дизайн ой жүгүртүү алгоритмин үйрөнүштү. Командада дизайндык ой жүгүртүүнү колдонуунун ыкмалары, шаблондору (интервью, мээ чабуулу ж.б.), ошондой эле электрондук түрдө алынган окуу материалдары жана тренерден кесиптик сунуштарды алышты.

Тренерден көптөгөн практика жана семинарлар болду, иш темага жана анын өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу менен өттү.

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү мындан ары колдоо” долбоорунун алкагында  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы