Logo

Загрузка Иш чаралар

« Все события

«Шайлоо процесси жана жарандык катышуу» курсунун модулу

10 июня - 26 июня

Бул модуль катышуучуларга шайлоо процесси, шайлоодогу жарандардын ролу, ошондой эле колдонуудагы шайлоо мыйзамдарын жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды эске алуу менен аялдардын, жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук турмушка натыйжалуу катышуу жолдору жөнүндө ар тараптуу түшүнүк алууга мүмкүндүк берет.

Бул Модулду окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында курстун катышуучулары төмөнкүлөргө ээ болушат:

  • Шайлоо мыйзамдары жана мыйзамдардагы реформаларды эске алуу менен шайлоо өткөрүү процесси жөнүндө билим.
  • Шайлоодогу жарандардын ролу жана аларга натыйжалуу катышуу жолдорун түшүнүү.
  • Шайлоону байкоо жана коомдук көзөмөл жүргүзүү көндүмдөрү.
  • Жарандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын түшүнүү.
  • Шайлоо процессиндеги ЖМКнын жана саясий партиялардын ролу.
  • Аялдарды, жаштарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды шайлоо процессине тартуунун маанилүүлүгүн түшүнүү.
  • Шайлоочулардын активдүү жарандык катышууга мотивациясын жогорулатуу.

Сессиялардын темалары: “Шайлоо процесси жана жарандык катышуу”, параллелдүү 2 топто өтөт:

Кыргыз тилинде 10 күн. Топко төмөнкү шилтеме аркылуу кошулсаңыз болот:

Орус тилинде 10 күн. Топко төмөнкү шилтеме аркылуу кошулсаңыз болот:

Бир күндө ZOOM платформасында 2 академиялык саат бою онлайн сабак өткөрүлөт:

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо системасынын өнүгүү тарыхы (1 күн/2 саат).
  2. Шайлоо мыйзамдарын реформалоого жана шайлоо өткөрүү процессине сереп салуу. Шайлоо мыйзамдарындагы учурдагы өзгөрүүлөр (1 күн/2 саат).
  3. Шайлоо процессин уюштуруу жана ага катышуу: активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу (1 күн/2 саат).
  4. Шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары (1 күн/2 саат).
  5. Демократиялык шайлоолорду өткөрүү стандарттары. Шайлоодогу жарандардын ролу жана натыйжалуу катышуу жолдору. Аялдар, жаштар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдүү чөйрө (1 күн/2 саат).
  6. Шайлоо процессиндеги ЖМКнын ролу. Маалымат берүү жана үгүттөө. “Кастык тили” (1 күн/2 саат).
  7. Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик (1 күн/2 саат).
  8. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу (1 күн/2 саат).
  9. Шайлоочулардын катышуусу жарандык катышуунун көрсөткүчү катары (1 күн/2 саат).
  10. Заманбап шайлоо процессиндеги санариптик технологиялар (1 күн/2 саат).

Эксперттер:

Кутбердиева Медина Мирлановна – юрист, шайлоо мыйзамдары боюнча эксперт, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы.
Александр Дмитриевич Орехов – билими боюнча юрист, эксперт, кеңири юридикалык жана окутуучулук тажрыйбасы бар. Эл аралык шайлоо системалары фондунун (IFES) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программа башчысы болгон, Кыргыз Республикасынын БШКга караштуу шайлоо мыйзамдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун активдүү мүчөсү болгон.

Модулдун графигин жүктөп алыңыз:

Курска катталуу

Подробности

Начало:
10 июня
Окончание:
26 июня

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы