Logo

“Жарандардын маалыматка жетүүсү” онлайн тренинги болуп өттү

Достор!

11-майда жарандык лидерлик мектебинде быйыл биринчи жолу медиа сабаттуулук боюнча онлайн тренинг болуп өттү.

Баяндамачылар Bulak.kg сайтынын башкы редактору Семетей Аманбеков жана медиа-эксперт, аналитик, Prevention Mediaнын негиздөөчүсү Алмаз Исманов болду.

Биз жарандардын маалыматка жетүүсү, ага кепилдик берген мыйзамдар, кандай маалыматтар жашыруун сакталышы мүмкүн жана «мамлекеттик сырлар» деген эмне жана жарандардын мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушу эмне үчүн маанилүү деген маанилүү суроолорду чагылдырдык!

Маалыматтык-билим берүү өнөктүгү жыл сайын өткөрүлүп келерин жана алдыда Кыргызстандын мыкты эксперттер менен дагы көптөгөн пайдалуу тренингдер болоорун эскертебиз.

“Жарандык лидерлик мектеби” – “Жарандык платформа” коомдук фондунун долбоору.

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү мындан ары колдоо” долбоорунун алкагында  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. 



Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы