2025-жылдын 19-майынан тарта “Жаран.KG” окуу курсу башталат.
Окуу жарандык милдеттенмелерди калыптандырууга, шайлоо укуктарын ишке ашырууга, мамлекеттик башкаруунун демократиялык принциптерин өнүктүрүүгө жана жарандарды чечим кабыл алууга катыштырууга, санариптик билимин өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле, курс жеке инсан катары өсүү, өнүгүү боюнча блокту камтыйт!
«ЖАРАН. KG» жеткиликтүү, интерактивдүү онлайн курсу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- шайлоо процесстери, мамлекеттик түзүлүш, адам укуктары, жарандардын сабаттуулугун жогорулатуу;
- коомдук жана социалдык турмушка активдүү катышууну өнүктүрүү;
- “Кыргыз Жараны” жарандык милдеттерин калыптандырууга көмөктөшүү;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу;
Курс кыргыз жана орус тилдеринде өтөт (2 топ түзүлгөн).
Окуу курсу үч негизги модулдан турат:
Модуль 1. “Жарандык катышуу жана Мамлекеттик башкаруу” (19-май-6-июнь)
Модуль 2. “Шайлоо процесси жана жарандык катышуу” (10-июнь – 25-июнь)
Модуль 3. “Жарандык активдүүлүк: жеке өнүгүүдөн коомдук аракетке” (8-сентябрь – 30-сентябрь)
Курстун модулдары тууралуу толук маалыматты бул жерден тапса болот.
Курстун толук графиги менен бул жерден таанышууга болот.
Курстун мөөнөтү – 6 ай (19-майдан 31-октябрга чейин 2025) – онлайн жана оффлайн форматы:
- “Live”: тренерлер менен онлайн сабактар;
- Кейстер жана практикалык тапшырмалар:
- Өз алдынча изилдөө үчүн видео-лекциялар жана презентациялар;
- Лекция өтүүгө белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер чакырылат;
Онлайн сабактардын узактыгынын мөөнөтү –10 жумушчу күндөн ашпайт, ZOOM платформасында 2 ирет академиялык саат өткөрүлөт (90 мүнөт)
2 оффлайн иш-чаралар:
1 рефлексиялык сессия курс башталганда өткөрүлөт. Анда, катышуучулар жана угуучулар чогултулуп, пикир алмашууга, “жандуу талкууларды” өткөрүүгө, Жарандык лидерлик мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн келечектеги тармактык аянтчасы үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет;
1 сертификаттарды тапшыруу менен жыйынтыктоочу иш-чара: номинацияларды аныктоо, сыйлыктарды тапшыруу, ошондой эле Жарандык лидерлик мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн тармактык аянтчасын түзүү жөнүндө арыз.
Мектеп платформасында каттоо:
Негизги билим берүү контенти https://education.kg/wpm/start/ онлайн платформасы аркылуу берилет. Ага автоматтык түрдө каттоодон өткөн угуучулар катталат (угуучулар маалыматты каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу алышат).
Сертификат алуу жана сыйлыктарга көрсөтүү шарттары.
Окутуунун бардык этаптарынан ийгиликтүү өтсө, тематикалык курс алса, тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырса, (финалдык тестирлөөдө 60% кем эмес суроого жооп берсе) жана Zoom аркылуу өткөн онлайн сабактардагы практикалык иштерге активдүү катышса (сабакка катышпаган учуру эки жолудан ашпаса) Мектептин бүтүрүүчүсү болот. Аларга Мектептин кабинети аркылуу электрондук форматта сертификаттар берилет же угуучулардын электрондук почтасына жөнөтүлөт. Сертификаттын басма варианты катышуунун жеке өтүнүчү боюнча даярдалат.
Мектептин бир нече сертификаттарына ээ болгондор бүтүрүүчүлөрдүн тармактык аянтчасына мүчөлүккө чакырылат, бул аларга ар кандай иш-чараларга катышууга, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду жүзөгө ашырууга, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн сыйлыктарды алууга жана волонтердук демилгелерге катышууга мүмкүндүк берет.
Добавить комментарий