Logo

«Жарандык лидерлик мектеби «PRO Жаран» Лидерлик программасына катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт

«PRO Жаран» Лидерлик программасы – мамлекеттик башкаруунун, эл аралык жана улуттук тажрыйбасы бар өнүктүрүү уюмдарынын кесипкөй адистерин Жарандык активдүүлүк боюнча онлайн курсу менен башталат.

Бул курста жарандардын мамлекеттик башкарууну, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктарын коргоого катышуусуна дем берүү боюнча стратегиялар жана ыкмалар талкууланат! Биз мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жана байланыштын ар кандай инструменттерин карап чыгабыз, Кыргызстандын жарандарынын керектөөлөрүнө жана мамлекеттик органдардын жана бийлик органдарынын аларды чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартууга даярдыгына негизделген туруктуу өнүгүү механизмдерин иштеп чыгабыз.

Бул курска улуттук, аймактык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык активисттер катыша алышат.

Программанын негизги темалары:

  • Лидерлик!
  • Адам укугу жана мамлекет: кантип өз ара аракеттенүү жана керектүү маалыматты алуу керек?
  • Бийликтин үч бутагы жана мамлекеттик деңгээлде чечимдерди кабыл алууда жарандардын ролу;
  • Жарандардын ачык маалыматтарга жеткиликтүүлүгү жана маалыматтык коопсуздук;
  • Шайлоо  процесстери жана шайлануучу органдар менен өз ара аракеттенүү;
  • Аялдардын саясий лидерлиги жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу;
  • Сот органдарында өз укуктарыңарды кантип коргоо керек?

Бул  курс Сиздерге төмөнкүлөргө жардам берет:

  • Чечимдерди кабыл алуу процессинде өзүңүздүн ролуңузду жана милдеттериңизди, ошондой эле  өнөктөштөрүңүздүн ролун аныктоого;
  • Ачык өкмөттү, анын ичинде ачык маалымат боюнча демилгелерди илгерилетүү үчүн  зарыл болгон шарттарды аныктоого;
  • Аялдардын жана жаштардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун жогорулатуу  боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
  • Социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн инструменттерди аныктоого.

📧 Суроолоруңуз же тактоолоруңуз болсо, төмөнку электрондук дарекке   edu@platforma.kg жазып, же +996 777 91 10 16, +996 771 46 35 21 номерлерге чалсаңыз болот.

Билдирме берүүнүн акыркы мөөнөтү:  2023-жылдын 1-апрели.

Толтурулган билдирмелер гана кароого кабыл алынат.

Маалыматтык-агартуу өнөктүгү “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин бекемдөөгө жана маалыматтарды коргоо механизмдерин күчтөндүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосунда “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы