Logo

Жарандык лидерлике жана жарандык катышууга арналган тренинг аяктады

Жарандык лидерлике жана жарандык катышууга арналган тренинг аяктады.

Эксперт тренер Бакыт Качикееванын жардамы менен эки күндүк тренинг абдан активдүү жана катышуучулардын кербайланышы менен өттү.

Катышуучулар жарандык коомдун, лидерликтин, жарандардардын мамлкеттик башкарууга катышуусунун маселелерине тартылып, төмөндөгү темаларды кеңири карап чыгышты:

  • Жарандык катышуу жана анын деңгээлдери.
  • Жарандардын катышуусунун принциби: мамлекетик иштерди алып барууда жарандар кандай укуктарга ээ.
  • Адам укуктары жана жарандык катышууну өнүктүрүү үчүн коомдук чөйрө.
  • Элиталардын сапатынын рейтинги жана ал жерде Кыргызстан кайсы орунда.
  • Коомдун уч тараптуу модели, бул моделге дагы кандай кошумча сектор кошсо болот.
  • Жарандык катышууну өнүктүрүү жана активдештирүү ж.б.у.с.

Тренер кийнки терминдер боюнча катышуучулардын пикирин укту: заманбап жаран, заманбап коом, жарандык лидер.

Ошондой эле катышуучулар кийнки темаларды карап чыкты:

  • ЖМК-төртүнчү бийлик катары жана ал жарандык коомго кандай таасир этет.
  • Жарандык активистер жана лидерлер деген ким, алар кандай өнөрлөргө ээ болушу керек.
  • Кыргызстанда пикир жана жарандык коомдун лидерлери, өлкөдө пропаганда, демократия жана демилгелерде жарандар катышуусунда абал кандай.

Өткөн материалдарды бекитүү максатында угуучулар  тестирлөөдөн өттү.

Кийнки тренингтер тууралуу биздин баракчаларыбызда кошумча билдиребиз!

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы