“Жарандык платформа” коомдук фонду сиздерди “Маалымат деген эмне жана аны менен кантип иштөө керек?” деген тренингге чакырат.
Маалымат- бул маанилүү маалымат түзүлө турган чийки фактылар жана цифралар. Маалыматтарды анализдөөнүн жардамы менен сиз маселенин масштабын көрө аласыз, гипотезаларды сынай аласыз, тенденцияларды байкай аласыз, изилдөө предмети жөнүндө жаңы нерселерди биле аласыз, визуализация түзө аласыз, маалымат окуяларын жаза аласыз.
Азыркы учурда, маалыматтардын зор көлөмү жарыяланып жатат жана аны колдонуу мүмкүнчүлүгү адамга кесиптик чөйрөдө да, күнүмдүк жашоодо да кошумча артыкчылыктарды берет. Тренинг маалыматтар менен иштөө тажрыйбасы жок жана алар менен иштөөдө негизги теориялык жана практикалык көндүмдөрдү алууну каалагандар үчүн арналган.
Тренингде Валентина Галич маалыматтар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берет, алар менен кантип иштөөгө боло турган мисалды көрсөтөт жана маалыматтарды визуалдаштыруу куралдары менен бөлүшөт. Машыктыруучу – Валентина Галич. Журналистика магистри, маалымат журналистикасы боюнча адис, медиа тренер жана изилдөөчү. Дата журналистикасы, ачык маалыматтар, онлайн медианы өнүктүрүү боюнча адистешкен. Бийлик менен массалык маалымат каражаттарынын өз ара аракеттенүүсү жана мамлекеттердин институционалдык потенциалы жаатындагы изилдөөлөрдүн жана аналитикалык документтердин автору.
Тренингдин датасы: 2022-жылдын 14-октябры, саат 14.00дөн 17.00гө чейин.
Иш-чарага катышуу үчүн шилтемедеги каттоо формасын толтуруңуз: https://education.kg/onlajn-trening-chto-takoe-dannye-i-kak-s-nimi-rabotat/
Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Бермет Жакыпбек кызы менен 0777-91-10-20 телефону аркылуу же edu@platforma.kg электрондук дарегине жазсаңыздар болот.
Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Добавить комментарий