Новости школы

Групповой чат

Дайындар - бул маанилүү маалымат түзүлө турган чийки фактылар жана цифралар. Маалыматтарды анализдөөнүн жардамы менен маселенин масштабын көрө алса болот, гипотезаларды сынай алса болот, тенденцияларды байкай алса болот, изилдөө предмети жөнүндө жаңы нерселерди билсе болот, визуализация кылса болот, маалымат окуяларын жазса болот.
Азыркы учурда, маалыматтардын зор көлөмү жарыяланып жатат жана аны колдонуу мүмкүнчүлүгү адамга кесиптик чөйрөдө да, күнүмдүк жашоодо да кошумча артыкчылыктарды берет.
Тренинг маалыматтар менен иштөө тажрыйбасы жок жана алар менен иштөөдө негизги теориялык жана практикалык көндүмдөрдү алууну каалагандар үчүн арналган.
Тренингде Чолпон Узукбаева маалыматтар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берет, алар менен кантип иштөөгө боло турган мисалды көрсөтөт жана маалыматтарды визуалдаштыруу куралдары менен бөлүшөт.