Адвокация (англ. advocacy) – коомдук уюмдардын практикасынан алынган термин, белгилүү бир социалдык топтун же теманын укуктарын жана кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого, мамлекеттик органдарда (анын ичинде парламентте) коомдук кызыкчылыктарды жылдырууга багытталган үзгүлтүксүз иш-аракетт
Гендердик адвокация:
- Аялдар менен эркектердин конкреттүү көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды чечүү жолдорун тиешелүү органдарга сунуштоо. Ошондой эле белгилүү бир маселе/демилге боюнча аялдардын жана эркектердин абалын өзгөртүүгө багытталган иш-чаралар;
- Эл аралык адам укуктарынын стандарттарына ылайык, мыйзамдык же коомдук деңгээлде адам укуктарынын/аялдардын жана эркектердин укуктарынын абалын өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттер. Бул процесс көйгөйлөрдү аныктоону, аларды талдоону жана бузуулар же аткарылбаган учурда тиешелүү чараларды иштеп чыгууну камтыйт. Бул учурда бардыгы үчүн адам укуктарын алдыга жылдыруу дегенди билдирет.
Тренингдин натыйжасында сиз:
- Ассоциацияларды, коалицияларды түзүүгө үйрөнөсүз.
- Саясий күн тартибин кантип түзүүнү билесиз.
- Саясатчылардын мамилесине жана жүрүм-турумуна таасир этүүнү үйрөнөсүз.
- Социалдык өзгөрүүлөргө көмөктөшүүчү жамааттык аракеттерди уюштура билүү жөндөмдөрдү аласыз (Коомдук кыймылдын негиздери жана түрлөрү).
Тренинг спикери:
Ормонова Авазкан – гендердик маселелер боюнча эксперт
Добавить комментарий