Logo

“Аялдардын саясий лидерлиги” деген темада тренинг өттү

15-сентябрда Жарандык лидерлик мектебинин алкагында эксперт Зульфия Көчөрбаева менен “Аялдардын саясий лидерлиги” деген темада тренинг өттү.
Тренинг “Лидер төрөлбөйт – лидер жаралат” деген ураан алдында өттү.
Студенттер төмөнкү темаларды камтыды:
• Лидерлик жөндөмдүүлүгү;
• Лидерликтин түрлөрү;
• Эркектерде жана аялдарда лидерлик сапаттардын көрүнүшүнүн өзгөчөлүктөрү;
• Аялдардын лидерлиги үчүн кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар;
• Кыргызстандын маданият жана билим берүү тармагында гендердик тең салмактуулук;
• Кыргыз Республикасында аялдардын саясий лидерлиги үчүн укуктук база. ЧУА жана стратегиялар.
• Жана дагы көп нерселер.

Ошондой эле төмөнкү темалар боюнча активдүү талкуулар болду:
• Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө экономикалык лидерлик: өлкө үчүн чакырыктар;
• Аялдардын ишкердиги;
• Саясий лидерлик: өлкөдөгү саясатчы аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр.
• Өлкөдө кыздарды тарбиялоо: коомдук мамиле.
• Аялдардын тең укуктуулугуна карата Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы

Тренингге өлкөбүздүн бардык аймактарынан угуучулар катышты. Жарандык коомдун актуалдуу темаларды алдыга жылдырууга активдүү катышуусу жана кызыгуусу бизди абдан кубандырат!
Маалыматтык-агартуу кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ЕККУнын Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы