Logo

Бейөкмөт уюмдарга, жарандык активистерге жана эксперттерге маалыматтар менен эмнеге иштеш керек?

Бейөкмөт уюмдарга, жарандык активистерге жана эксперттерге маалыматтар менен эмнеге иштеш керек?   

Тренингде ушул жана башка көптөгөн суроолорго көп жылдык тажрыйбасы бар адис Валентина Галич жооп берди. 13-октябрда “Жарандык платформа” коомдук фонду “Жарандык лидерлик мектебинин” билим берүү кампаниясынын алкагында “Маалымат деген эмне жана аны менен кантип иштөө керек” деген темада тренинг өткөрдү.

Кээ бир темалар камтылган:

• Маалыматтар менен иштөөдө мифтер.

• Маалыматтардын форматтары жана булактары кандай.

• Өкмөттүн маалыматтары: оң жана терс жактары.

• Ачык маалыматтар: кантип издөө жана талдоо.

• Деталдардын деңгээли боюнча маалыматтарды талдоо.

• Маалымат базалары: эл аралык жана жергиликтүү.

• Кайсы маалыматтарга ишенүүгө болот, эмнеге ишенүүгө болбойт?

Жана дагы көп нерселер окуу программасынын алкагында. Тренингдин катышуучулары маалыматтар менен иштөөнү, аны талдоону, визуалдаштырууну жана татаал маалыматты жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде берүүнү үйрөнүштү.

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ЕККУ программасынын Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдукфонду тарабынан ишке ашырылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы