Logo

«Чечим кабыл алууда аялдардын өкүлчүлүгү» онлайн тренинги өткөрүлдү

20-сентябрда тренер Зульфия Турумбекова менен «Чечим кабыл алууда аялдардын өкүлчүлүгү» онлайн тренинги өткөрүлдү.

Тренингдин биринчи бөлүгү аялдардын укуктарынын бузулушу боюнча активдүү талкууда өттү. Катышуучулар туш болгон же күбө болгон жагдайлар менен бөлүшүштү.

Ошондой эле, “Аялдарды мамлекеттик башкарууга киргизүүнүн 3 себеби” деген маселе боюнча өз алдынча иш берилип, эксперт менен биргеликте талкуу жүргүзүлдү.

Катышуучулар «эркектердин жана аялдардын укуктары жана эркиндиктери кайсы ченемдик укуктук актылыры менен жөнгө салынат» сурамжылоосунан өтүп, төмөнкүдөй темаларды кеңири талкуулашты:

• Кыргызстандагы аялдардын жана эркектердин укуктарын жөнгө салуучу укуктук актылар;
• Адам укуктары жана гендердик теңчилик боюнча органдар;
• Аялдардын жана эркектердин коомдук жана саясий турмуштагы өкүлчүлүгүнүн статистикасы.
• Саясатта аялдар үчүн квота.

Тренингдин экинчи бөлүгү практикалык тапшырмага, топтордо иштөөгө арналды. Ар бир топко суроолор берилип, талкууга убакыт берилди, андан соң катышуучулар өз жоопторун беришти.

Маалыматтык-агартуу кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ЕККУнын Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы