Logo

“Демократия кечээ жана бүгүн” онлайн тренинг

“Жарандык платформа” коомдук фонду жана Жарандык лидерлик мектеби “Демократия кечээ жана бүгүн” онлайн тренингинине катышууга чакырат. Тренинг 2022-жылдын 4-ноябрында өтөт.

Глобалдык мааниде демократиянын максаты – коомго бакубат жашоо жана аны башкаруу укугун берүү.

Демократияны башка режимдерден, демократиянын белгилеринен жана түрлөрүнөн кантип айырмалоого болот?

Бул суроолордун бардыгына тренинг учурунда жооп алууга болот.

Ал ушул түшүнүктөрдүн баалуулуктарынын мисалында демократия жана либералдык демократия сыяктуу түшүнүктөргө арналган. Эмне үчүн акыркы жылдары демократия институту төмөндөп баратканын карап көрөбүз. Демократия саясий тарыхтын башталышыбы же акыркы чекитиби? Дүйнөдө демократиянын кыйрашынын себептери эмнеде? Алдыңкы уюмдар тарабынан демократиянын деңгээлин изилдеген мисалдарды келтирели.

Тренер: Нурманбетова Карлыгач.

Окутуу күнү: 2022-жылдын 4-ноябры, саат 14.00дөн 17.00гө чейин

Иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча каттоо формасын толтуруңуз:

https://education.kg/onlajn-trening-demokratiya-vchera-i-segodnya/

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда..

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы