Logo

Жарандардын маалыматка жетүүсү

Маалымат алуу – бул Кыргыз Республикасындагы ар бир адамдын керектүү маалыматты издөөгө, чогултууга жана пайдаланууга конституциялык укугу бар. Ар бир жеке же юридикалык жак маалымат алуу үчүн оозеки же жазуу жүзүндө кайрыла алат.

Мамлекет ар бир адамдын маалыматты издөө, алуу, изилдөө, өндүрүү, берүү жана жайылтуу укуктарын коргойт.

Ар бир адамга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүгө кепилдик берилет (КР Конституциясынын 33-беренеси).

Маалымат алуу эркиндигинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Жеткиликтүүлүк
  • Объективдүүлүк
  • Өз убагында берүү
  • Ачыктык
  • Ишенимдүүлүк

Тренингдин максаты — жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик бийлик органдарынан кантип жана кандай маалыматтарды алууга болот. Биздин тренерлер сиздерге жарандардын маалыматка жетүүсүн кандай мыйзамдар кепилдейт, эмне үчүн мындай мүмкүнчүлүккө ээ болуу маанилүү, канча убакта мамлекеттик органдардан жооп алуу керек экендигин айтып беришет. Ошондой эле жарандарга кандай маалыматтар берилбейт жана эмне үчүн бул маалыматтар жеткиликсиз болоорун билесиз.

Тренингди тажрыйбалуу медиа эксперттер тобу иштеп чыккан:

Исманов Алмаз — медиа-эксперт, аналитик, Prevention Media уюмунун негиздөөчүсү.

Аманбеков Семетей — медиа эксперт, Bulak.kg сайтынын башкы редактору.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы