Logo

2022-жылдын 7-июнунда “Жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү” темасында онлайн тренинг өткөрүлдү

2022-жылдын 7-июнунда “Жарандык платформа” коомдук фонду Жарандык лидерлик мектебинин алкагында “Жарандардын сот адилеттигине жетүүсү” темасында онлайн тренинг өткөрдү. Тренинг боюнча эксперттер Зульфия Турумбекова жана Чынара Айдарбекова төмөндөгү темаларга кеңири токтолушту:

  1. Жарандардын сот адилеттигине жетүүсү деген эмне: бул түшүнүктүн аныктамасы, тарыхы жана өзгөчөлүктөрү.
  2. Сот адилеттигине жетүү укугунун эл аралык стандарты.
  3. Сот өндүрүшүнүн стандарттары жана талаптагыдай процесс.
  4. Кыргыз Республикасындагы адилет соттук териштирүүнүн кепилдиктери.
  5. Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьясынын статусу. Судьяларга коюлуучу талаптар жана аларды шайлоодогу эрежелер жана чектөөлөр.

Тренингдин экинчи бөлүгү суроо-жоопко арналды. Угуучулар талкууга катышып, биздин өлкөдөгү сот системасын жана анын стандарттарын талдап чыгышты.

Ошондой эле практикалык бөлүктүн алкагында тренингдин катышуучуларына ажырашуу иши боюнча иш, ошондой эле жер укугу боюнча тапшырмалар берилди.

Биздин баракчага жазылып, карап туруңуз, кийинки тренингдер 2022-жылдын 9 жана 10-июнуна пландаштырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы