Logo

“Шайлоо демократиянын эң маанилүү институту жана бийликти кайра өндүрүүнүн мыйзамдуу жолу”

Шайлоо – жарандардын саясатка катышуусунун кеңири таралган формасы, мында эл мыйзам чыгаруу органына өкүлдөрдү же расмий адамдарды шайлоо үчүн добуш беришет.

Бийликтин басымдуу бөлүгү азчылыктын колунда болгону менен, мамлекеттин саясий жашоосуна катардагы жарандар да таасир эте алат. Добуш берүү — мунун эң маанилүү жолу.

“Жарандык платформа” КФ жана Жарандык лидерлик мектеби сиздерди “Шайлоо демократиянын эң маанилүү институту жана бийликти кайра өндүрүүнүн мыйзамдуу жолу” онлайн тренингине чакырат. Тренингдин алкагында катышуучуларга шайлоонун негизги адам укуктары жана демократиялык баалуулуктар менен кандай байланышы бар, аларды кандай эл аралык жана улуттук укуктук иш кагаздар менен жөнгө салганы тууралуу маалымат берилет.Ошондой эле тренингдин катышуучулары демократияны камсыз кылуучу мамлекеттик бийлик органдарын түзүүнүн укуктук механизми катары шайлоо жөнүндө түшүнүк алышат.

Тренер – Джурабаева Гульнара.

Тренингти өткөрүү датасы: 4 октябрда саат 14.00 тартып 17.00 чейин

Иш чаранын форматы: Онлайн, ZOOM платформасында

Тренингге катышуу акысыз.

Иш-чарага катышуу үчүн шилтемедеги каттоо формасын толтуруңуз:

  https://education.kg/vybory-kak-institut-demokratii/

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы