Logo

“Мамлекеттик органдарда гендердик теңчилик принцибин сактоо жана камсыздоо” темасында онлайн тренинг өттү

2022-жылдын 14-июнунда “Жарандык платформа” коомдук фонду “Жарандык лидерлик мектебинин” алкагында “Мамлекеттик органдарда гендердик теңчилик принцибинин сакталышы жана камсыз болушу” деген темада тренинг өткөрдү. Тренер – Авазкан Ормонова, гендер боюнча эксперт.

Катышуучулар, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында Жогорку Кеңештин парламентинин гендердик бөлүнүшү, аткаруу жана сот бийлигинде аялдардын үлүшү боюнча тарыхый фактылар менен таанышты. Гендердик квоталар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын мисалында, ошондой эле мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлердин жынысы боюнча бөлүштүрүүдө каралды.

Теманын өзгөчөлүгү Кыргызстандагы аялдардын ролуна гендердик талдоо болду.

Андан соң катышуучулар күн тартибин аныктоо боюнча социалдык жана географиялык абалына жараша аялдар менен эркектердин милдеттерин аныктоо максатында топтук иштерди жүргүзүштү. Катышуучулардын милдети эркектер менен аялдардын үй-бүлөгө жана жеке муктаждыктарына канча убакыт короторун аныктоо болгон.

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү мындан ары колдоо” долбоорунун алкагында  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы