13-майда биз жарандык лидерлик мектебинин медиа сабаттуулук боюнча экинчи тренингин өткөрдүк.
Буга чейин биздин тренингдерге катышып келген катышуучулар менен жолукканыбызга абдан кубанычтабыз. Бул биз берген билимдин сапаты жөнүндө айгенелеп турат! Ошондой эле, биздин жамаат жаңы угуучулар менен толукталды, бул да жакшы.
Медиа сабаттуулук боюнча тренингдин экинчи блогун дагы эксперттер, Bulak.kg сайтынын башкы редактору Семетей Аманбеков жана медиа-эксперт, аналитик, Prevention Mediaнын негиздөөчүсү Алмаз Исманов өткөрүштү.
Курстун жүрүшүндө биз төмөнкү темаларды карадык:
- Маалымат коопсуздугу жөнүндө билүү эмне үчүн маанилүү? Маалыматтын агып кетишинен жана башка коркунучтардан кантип коргонуу керек.
- Дезинформация, манипуляция. Аларга кантип каршы туруу керек? Ишенимдүү маалыматты кантип айырмалоого болот
- Пропаганда деген эмне жана анын таасирине кантип түшүп калбоо керек.
Тренингден кийин эксперттер катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти. Талкуу абдан жандуу жана жемиштүү өттү.
Добавить комментарий