Logo

Ооздуктап, жөнгө салып жана тең салмактап, баланстап туруу системасы

Бул бийликти бөлүштүрүү системасынын өзгөчө модели. Бул моделге ылайык, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери уюштуруу жагынан гана бөлүнбөстөн, формалдуу түрдө бири-биринен толук көз карандысыз, ар бир бийлик башка бийлик органдарын көзөмөлдөө жана чектөө укугуна ээ.

Башкача айтканда, ооздуктап, жөнгө салып жана тең салмактап, баланстап туруу системасы – бул мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы компетенцияны бөлүштүрүү, алардын өз ара көзөмөлүн камсыз кылуу.

Биздин материалдарды изилдеп чыккандан кийин, сиз бийликти бөлүштүрүү системасын теориялык жана практикалык негиздерин, ошондой эле ооздуктап, жөнгө салып жана тең салмактап, баланстап туруу системасын, бул системаны түзүү жана иштөө принциптерин жана өзгөчөлүктөрүн үйрөнөсүз. Бизге бийликти бөлүштүрүү  жана тең салмактуулук системасы эмне үчүн керек, ал адамга жана мамлекетке эмне берет, эмне үчүн демократиялык мамлекеттер ооздуктап, жөнгө салып жана тең салмактап, баланстап туруу системасына келишкенин биле аласыз.

Ошондой эле бийликти бөлүштүрүү системасын уюштуруунун ички механизмдери, андан тышкары ооздуктап, жөнгө салып жана тең салмактап, баланстап туруу системасы жана ал кандай теориялык негизде түзүлгөнү сиз үчүн кызык болот.

Тренинг спикерлери:

Курманбек Турдалиев — Жогорку Кеңештин эксперти

Гүлмира Маматкеримова — Жогорку Кеңештин эксперти

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы