Logo

Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин өз ара аракеттенүүсү

Мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку орган болуп Кыргыз Республикасынын Парламенти саналат. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин Президент башкарат.

Ар кандай саясий-административдик системанын негизги белгилеринин бири – бул мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактарынын ортосундагы байланыш.

Окутуунун жүрүшүндө сиздер 2021-жылдын 11-июнунда конституциялык референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери менен таанышасыздар. Ошондой эле бул бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн теориялык жана практикалык маселелери, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, ошондой эле Жогорку Кеңештин (парламенттин) ролу, конституциялык жана мыйзамда көрсөтүлгөн механизмдердин негизинде алардын өз ара аракеттенүүсүн жана координациалоо маселелери. Андан тышкары Жарандык коомдун өкүлдөрү, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин чечимдерин кабыл алууда кандай таасир эте аларын сиздер үчүн ачыктап беришет.

Биздин эксперттер – бул Конституция бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту канчалык деңгээлде камсыздайт деген суроолорго жооп беришет. Бул Конституцияда парламенттин көз карандысыздыгы кантип камсыздалат? Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда жарандык коом кандай роль ойнойт?

Курстун тренерлери:

Курманбек Турдалиев, Жогорку Кеңештин эксперти.

Гүлмира Маматкеримова, Жогорку Кеңештин эксперти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы