Logo

Жарандардын сот адилеттигине жетүүсү

Сот адилеттигине жетүү – мыйзам үстөмдүгүнүн негизги принциби. Сот адилеттигине жетпегендиктен, адамдар өз үнүн уга албай, укуктарын пайдалана алышпайт, басмырлоо менен күрөшө алышпайт же чечим кабыл алуучуларды жоопкерчиликке тарта албай калышат.

Окуу материалдары менен таанышкандан кийин, сиз төмөнкү маалыматтарды аласыз:

  • сот адилеттигине жетүүгө укуктун эл аралык стандарттарынын негизги жоболору;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген процесстик кепилдиктер;
  • ар бир жарандын соттук коргоого кайрылуу укугу, квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү;
  • адилет соттун кепилдиктери жана принциптери жөнүндө.

Жарандык иштин (ажырашуу жөнүндө иш), жер укугунун мисалында далилдерди кароодо жана изилдөөдө сот тарабынан тараптардын тең укуктуулугун камсыз кылуу темасы боюнча иштерди изилдөө.

«Судьялардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына ылайык судьялык кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар (курагы, квалификациялык талаптары, юридикалык кесиптеги стажы, судьялардын тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө, алынбастыгы ж.б.) тууралуу кененирээк маалымат алыңыз.

Тренинг спикерлери:

Айдарбекова Чынара, юридикалык эксперт

Турумбекова Зульфия, юридикалык эксперт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы