Logo

Жарандык лидерлик мектеби жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясынын башталышы жөнүндө жарыялайт

Достор!

Жарандык лидерлик мектебинин алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясынын башталышы тууралуу жаңылыкты сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз.

Окутуу жарандардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик институттар менен өз ара аракеттенүүсүнө жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна багытталган.

Акциянын алкагында биз төмөнкү багыттар боюнча бир катар онлайн тренингдерди өткөрөбүз:

  • Адам укуктары жана мамлекет: өз ара аракеттенүү жана керектүү маалыматты алуу;
  • Мамлекеттик деңгээлде чечимдерди кабыл алууда жарандардын ролун күчөтүү;
  • Парламент: анын ролу жана ыйгарым укуктары;
  • Жарандардын ачык маалыматтарга жетүүсү;
  • Бийлик бутактары жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
  • Шайлоо процесстери жана шайлануучу органдар менен өз ара аракеттенүү;
  • Маалыматтык коопсуздук жана журналисттик иликтөө;
  • Аялдардын саясий лидерлиги жана мамлекеттик органдарда гендердик теңчиликти камсыз кылуу.

Окутуу 2 этапта окуудан өтүүнү камтыйт:

  1. Порталдагы материалды изилдөө: https://education.kg
  2. ZOOM платформасында тренерлер менен практикалык тренинг.

Эң активдүү катышуучулар Бишкек жана Ош шаарларында өтө турган оффлайн тренингдерге чакырылат.

Бардык кызыккандарды чакырабыз!

Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Бермет Жакыпбек кызы менен байланышсаңыз болот: +996(777)911016; e-mail: edu@platforma.kg

“Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин мындан ары чыңдоого колдоо көрсөтүү” долбоору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы