Новости школы

Групповой чат

Урматтуу биздин катышуучулар!
15-марттан тартып “Технолидерлик” курсу старт алат!
Биринчи “Санарип өкмөттүн негизи: укуктар, инфраструктура жана технологиялар” тематикасындагы тренинг 2024-жылдын 18-мартынан башталат!Бул курска тренер катары – санариптик трансформациялоо боюнча эксперт, бир канча укуктук актыларды иштеп чыккан Ильина Жанна тренер катары тартылды!Мамлекеттик структурада да, жеке жактарда да тажрыйбасы бар эксперт!
Бул курстун алкагында сиздер, санариптик дүйнөдөгү укуктар жана жоопкерчиликтер жөнүндө кеңири маалымат аласыз!
Ошондой эле санариптик ресурстардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып, санариптик өкмөттү куруу үчүн: Кайсы инфраструктурлар негизги жана маанилүү?, Кайсы технологиялар пайда болуп жатат, кайсылары колдонулуп жатат? деген суроолорго жооп таба аласыз!Эң негизгиси! Сиздер санариптик дүйнөдө өзүңүздү кантип туура алып жүрүүнү үйрөнөсүз жана сиздерди көптөн көп кабатырланткан жана ой толготкон суроолорго жооп таба аласыздар!
Бул курстун жүрүшүндө Сиз практиктерден жана эксперттерден түздөн түз маалымат алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт!
Биз санариптик чындык дүйнөнү Сиздер менен чогуу курабыз!
Биздин максат – бул ишеничтүү кадамдар жана өнүккөн коом аркылуу биздин Кыргызстаныбыздын гүлдөп өсүшүнө багытталган демократиялык башкарууну түзүү!

Лекция