Logo

Билим берүү кампаниясын улантуу жөнүндө жарыялайбыз

«Жарандык платформа» КФ жана Жарандык Лидерлик мектеби билим берүү кампаниясын улантуу жөнүндө жарыялайт жана жарандык лидерликке жана жарандык катышууга арналган 2 күндүк тренингге катышууга чакырат. Тренинг 2022-жылдын 6 жана 7-сентябрында өтөт (узактыгы: күнүнө 3 саат).

Жарандык лидерлик жана жарандык катышуу деген эмне? Бүгүнкү күндөгү лидерлердин жана активдүү жарандардын алдында кандай милдеттер турат? Жарандык катышуунун кандай ыкмалары эң натыйжалуу?

 Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү темалар каралат:

1. Жарандык лидерлик жана жарандык катышуу: концепция, заманбап чакырыктар.

2. Мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусунун механизмдери.

Катышуучулар жарандык лидерликти жана жарандык катышууну түшүнүүдөгү айырмачылыктарды жана окшоштуктарды изилдеп, талдап чыгышат.

Тренердин катышуусу менен катышуучулар жеке мисалдарды карап, жарандар кандай заманбап чакырыктарга туш болуп жатканын талдайт.

Биринчи күнү, 2022-жылдын 6-сентябрында, 3 сааттык онлайн иш-чара «жарандык лидерлик» жана «жарандык катышуу» терминдерин түшүнүүгө багытталган. Талкууда жана мисалдарда катышуучулардын жеке тажрыйбасы жана мисалдары каралат.

Экинчи күнү, 2022-жылдын 7-сентябрында катышуучулар жарандардын мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу механизмдерин талдайт. Катышуучулар эффективдүү катышуу механизмдери боюнча өздөрүнүн жеке тажрыйбасы, ошондой эле алынган сабактар менен бөлүшө алышат.

Окуу мөөнөтү: 2022-жылдын 6-7-сентябры, саат 15.00дөн 18.00гө чейин.

Иш-чарага катышуу үчүн  каттоо формасын толтуруңуз

Маалыматтык-билим берүү кампаниясы “Демократиялык институттарды, шайлоо процесстерин жана маалыматтарды коргоо механизмдерин бекемдөөнү колдоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы