Logo

2022-жылдын 2-июнунда биз «Карама каршылык жана тең салмактуулук системасы» деген темада онлайн тренинг өткөрдүк

2022-жылдын 2-июнунда биз «Карама каршылык жана тең салмактуулук системасы» деген темада онлайн тренинг өткөрдүк. Онлайн тренингди Жогорку Кеңештин эксперттери Гүлмира Маматкеримова менен Курманбек Турдалиев өткөрүштү.

Карама каршылык жана тең салмактуулук системасынын ортосунда адам жана анын укугу жана эркиндинги турат! Ал эми активдүү жарандар бул тең салмактуулукту калыбына келтириши керек.

Биз төмөнкү темаларды камтыдык:

  • Карама каршылык жана тең салмактуулук системасынын маани-маңызы, принциптери (АКШнын жана башка өлкөлөрдүн мисалында).
  • Мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийликтеринин жана алардын функцияларынын аныктамасы.
  • Легалдуу жана легетимдүү деген эмне: окшоштуктар жана айырмачылыктар.
  • Бийликти горизонталдуу жана вертикалдуу бөлүштүрүү (бул укуктук доктринаны колдонгон өлкөлөрдүн мисалында).

Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар ар бир мамлекеттик органдын өзгөчөлүктөрү, алардын милдеттери жана функциялары жөнүндө так түшүнүккө ээ болду. Президенттин, парламенттин жана соттун ролу. карама каршылык жана тең салмактуулук системасында жарандардын ролу жана башкалар.

Кезектеги тренинг бүгүн “Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өз ара аракеттенүүсү” деген темада өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы